​Бишкекте жылуулукту калыбына келтирүү боюнча штаб түзүлдү

27-Янв. 2018, Ишемби, 16:33

Бүгүн, 27-январда премьер-министри Сапар Исаков Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги эски казан агрегаттарынын бузулуусуна байланыштуу пайда болгон абалды талкуулоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Бишкек шаарынын ЖЭБин көрүп чыккандан кийин Өкмөт башчыга Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги эски казан агрегаттарына тармактык суу берүүнүн бузулушуна жана анын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу борбор калаанын тургундарын – «Бишкекжылуулуктармагы» ААКтын керектөөчүлөрүн жылуулук менен камсыздоо сапаты начарлап кеткендигин маалымдады.

Өкмөт башчы түзүлгөн абалга карабастан, Бишкек шаарынын тургундары үчүн турак-жайларга, өзгөчө борбор калаанын социалдык объектилерине жылуулук жеткирүү боюнча ынгайсыздыктар жаралбашы керектигин белгиледи.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жетекчилиги астында Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону кыска мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн өз учурундагы чараларды кабыл алуу боюнча ыкчам штаб түзүү тапшырмасын берди.

Ыкчам штабдын курамына төмөнкүлөр кирген:

– Бишкек шаарынын мэри А.Ибраимов;

–Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы У.Рыскулов;

- Саламатыкты сактоо министри Т.Батыралиев;

- Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К.Муратбеков;

- «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК төрагасы А.Калиев;

- «Электр станциялары» ААК башкы директору У.Кыдырбаев;

- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК башкы директору М.Айткулов;

- «Түндүкэлектр» ААК башкы директору И.Кадыркулов;

- «Бишкек жылуулук тармагы» ААК башкы директору Э.Абдыкалыков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!