Ибраимов элден эмнени өтүнүүдө?

27-Янв. 2018, Ишемби, 17:18

Бүгүн, 27-январда өкмөт үйүндө Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону кыска мөөнөттө калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб мүчөлөрүнүн басма сөз жыйынында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов тургундарды Бишкек Жылуулук электр борборунда жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды.

Анын айтымында, ЖЭБде түзүлгөн кемчиликтерге байланыштуу, ысык суунун жана жылуулуктун температурасы убактылуу нормадан төмөн. Азыркы маалда ЖЭБде түзүлгөн бардык көйгөйлөр чечилүүдө. Жакынкы 6-8 сааттын ичинде баардык учурдагы көйгөйлөр жок кылынып, ЖЭБ өз нугунда иштеп баштайт.

«ЖЭБдегы кырдаалгау байланыштуу биз шаардын баардык тургундарына кайрылып, түзүлгөн абалды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо, күч талап кылган үй тиричилик техникасын колдонуудан убактылуу баш тартууну өтүнөбүз», – дейт Ибраимов.

Ал эми Бишкек шаарынын ЖЭБ башчысы Нурлан Өмүркулов адистер бүгүн кечке дейре бардык кемчиликтерди жоюуга аракеттенип жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү саат 18-00 дө Бишкек шаарынын ЖЭБинде суу менен камсыз кылуучу агрегат убактылуу иштен чыкканына байланыштуу, ЖЭБдин жылуулук менен камсыз кылуу кубаттуулугу төмөндөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!