Чек арада кыргызстандык жаранга ок атылды

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:28

Өзбекстандын чек арасына мыйзамсыз өтүп кеткен кыргыз жаранына ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда Ала-Бука районунда 39 жаштагы кыргыз жараны мал жайып жүрүп Өзбекстандын чек арасына мыйзамсыз өтүп кеткен.

Ал кармалган учурда Кыргызстан тарапка качууга аракет кылган. Эскертүүгө көңүл бурбагандыктан Өзбекстандык чек арачылар курал колдонууга мажбур болушкан. Натыйжада кыргызстандык тургун сол бутунун сан жагынан жаракат алган.

Ал кармалгандан кийин Өзбекстандын Наманган облусундагы Чуст райондук ооруканасына жаткырылган. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

Бул факты боюнча эки тараптын чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп, кармалган адам жакшы болгондон кийин аны кайрадан мекенине кайтарууну макулдашышты. Андан сырткары, эки тарап тең бул боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзмөй болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!