11:42 Жылан маралды туристтердин көзүнчө жуткан (видео)
11:41 Ичимдик жети түрдүү ракты пайда кылат
11:06 Имбирь чайынын ден соолукка пайдасы
Ызгаардуу сууктан улам Ысык-Көлдүн жээги бир канча метрге чейин тоңгон видео интернетке тарады.
Бул видео социалдык түйүндүн колдонуучуларын арасында кызуу талкууну жаратууда. Колдонучулар “Ит жылында иттей суук болуп жатат”,- дешүүдө.
Гидрометеорология агенттигинин жетекчисинин орун басары Рыскелди Асанкожоев “Zaman Кыргызстан”маалымат агенттигине “Негизинен Ысык-Көл тоңбойт”,- деп билдирди. Анын айтымына караганда, көлдүн астында жылуу агымдар бар жана суу туздуу. Бирок, көлгө суу кирген 2-3 жерде гана суунун жээктери тоңуп калат. Эскерте кетсек, 27-29-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда абанын температурасы -45 градуска чейин жетет. Ал эми бүгүн, 29-январда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Гидрометеорология агенттигинин жетекчисинин орун басары Рыскелди Асанкожоев “Zaman Кыргызстан”маалымат агенттигине “Негизинен Ысык-Көл тоңбойт”,- деп билдирди.
Анын айтымына караганда, көлдүн астында жылуу агымдар бар жана суу туздуу. Бирок, көлгө суу кирген 2-3 жерде гана суунун жээктери тоңуп калат.
Эскерте кетсек, 27-29-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда абанын температурасы -45 градуска чейин жетет. Ал эми бүгүн, 29-январда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.