Жаңы блок иштей баштады

30-Янв. 2018, Шейшемби, 12:22

Бишкек ТЭЦинде жаңы блок иштей баштады. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын директору Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ 29-январда жаңы блок иштей баштаган. Ал суу менен толтурулуп, кечки саат 22.00гө чейин от жагылган. Бүгүн, 30-январь күнү таңкы саат 04.40 чамасында чыңалуу күчөй баштаган.

«Бул жаңы блок 250 МВт чыңалууда иштеп, ал +88 градуска чейин жылуулук берет. Учурда ал жылуулук системага кире баштады. Бүгүн кечке жуук калаа тургундарынын үйлөрүнө жылуулук берилип баштайт»,- деп билдирди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!