​Балыкчы – Корумду жолунун курулушу токтоду

30-Янв. 2018, Шейшемби, 16:30

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеӊештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Балыкчы – Корумду жолунун толук бүткөрүүгө 4,5 млрд сом каражат керектелээрин билдирди.

Анын айтымына караганда, Кытайдын «Лонг Хай» компаниясына 137 млн сом карыз болуп калгандыктан, жолдун курулушу токтоду. Чолпон-Ата шаарынын ички жолу курулбай турат. Жолдун Атмайдан – Корумду бөлүгүн куруу үчүн эле 600 млн сом керектелет.

«Үстүбүздөгү жылы бюджеттен аталган жолдун курулушуна 1 млрд сом өлчөмүндө каражат карала турган болсо, анда жолдун курулушу 4-5 жылга чейин создугуп кетиши мүмкүн. Күн жылый баштаса, курулушту башташыбыз керек. Ал үчүн азырынча 2 млрд сомдон кем эмес каражат зарыл. Ал эми бул жолду толук бүткөрүүгө 4,5 млрд сом каражат керектелет», - дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!