Исаков: "ТЭЦ боюнча өкмөт жоопкерчиликти алат"

31-Янв. 2018, Шаршемби, 12:25

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча өкмөт жоопкерчиликти алганга даяр экенин айтты.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал чоң көйгөйлөрдүн бири.

“Бишкек ТЭЦтеги абал боюнча тиешелүү комиссия түзүп жатабыз. Депутаттардын арасында каалоочулар болсо комиссияга кирип берсеңер жакшы болот эле. Ачык-айкын көйгөйдү чогуу карасак жакшы болмок. Кырдаал боюнча өкмөт жоопкерчиликти алганга даярбыз”, - дейт Исаков.

“Ошондой эле акционердик коом тарабынан чоң билдирүүлөр болгон эмес. Алар “каражат жетишпей жатат, акча бөлүп бербесеңер авария болуп кетиши мүмкүн” деп бир дагы жолу кайрылган жок. Кышка карата даярдык боюнча эки жолу жыйын өткөн. Ошондо дагы “кышка даярбыз” деген сөздөрдү укканбыз”,- деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!