​Президент 1-2-февралда Тажикстанга барат

31-Янв. 2018, Шаршемби, 17:08

Бүгүн, 31-январда Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева президент Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Душанбеге расмий визит менен бара турганын билдирди.

Анын сөзү боюнча, визит учурунда Сооронбай Жээнбеков Рахмон менен тар жана кеңейтилген форматтарда жолугушат. Ошондой эле Мамлекет башчысынын Тажикстандын премьер-министри жана парламент спикери менен жолугушуулары да пландаштырылган.

Визиттин жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын бардык олуттуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болот.

«Күн тартибинде бир катар олуттуу маселелер бар. Соода-экномикалык өз ара аракеттешүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот. Өлкөлөр ортосунда товар алмашуу өсүп жатат, бирок, анын темпи колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбейт. Ошондуктан тараптар бул багыттагы иштерди активдештирүүнү пландашууда», - деп белгиледи Субакожоева.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий визитинин жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлат, эки Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!