​Исаков ЕАЭБдин жыйынына катышат

1-Фев. 2018, Бейшемби, 10:57

Бүгүн, 1-февралда премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Алмата шаарында өтө турган Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган саммитке Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев төрагалык кылат.

“Жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары интеграциялык бирикмелердин өнүгүшү жана нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу маселелерин талкуулашып, бир катар макулдашууларга кол коюлат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!