Исаков "Таза Коом" тууралуу айтып берди

2-Фев. 2018, Жума, 14:19

Бүгүн, 2-февралда премьер-министр Сапар Исаков Алматы шаарындагы «Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип» эл аралык форумуна катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы бүгүнкү тема Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешти өткөрүү алдында абдан актуалдуу деп белгиледи. Анын пунктарынын бири болуп ЕАЭБ санариптик күн тартибин ишке ашыруу маселеси эсептелинет.

«Кыргызстан ресурстарын мобилизациялап жана бардык аракеттерин жогорку технологиялык коомчулук түзүүгө бурду. Санариптештирүү бизге өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө чоң секирик жасоого мүмкүнчүлүк түзөт, ал гана учурдагы этапта мамлекеттик кызматтардын таасирдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чукул жыйынтыктарын бере алат. Бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, биздин жарандар үчүн кызматтарды алууда ыңгайлуу шарттарды түзөт, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууда мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Бул максаттарга жетиш үчүн Кыргызстан «Таза Коом» санариптик транформация улуттук программасын ишке киргизди, которо келгенде «таза жана ачык коом» дегенди түшүндурөт», – деп белгиледи Исаков.

Премьер-министр өзүнүн ачыктыкка, тазалыкка ыктагандыгын жана жарандар алдындагы отчеттулуукту, ошондой эле коррупция менен күрөшүүнү ырастоо иретинде, өлкөнүн Өкмөтү аймакта биринчилерден болуп «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесине Open Government Partnership (OGP) кошулду, ал өзүнө дүйнөнүн 75 өкмөтүн бириктирет. Мониторгдөө эл аралык эксперттер тарабынан ишке ашырылат: жеткиликтүү жана сапаттуу мамлекеттик кызматтар, таза мамлекеттик сатып алуулар, ачык маалыматтар жана тоо-кен иштетүү секторунун тазалыгы.

Сапар Исаков «Таза Коом» сыяктуу масштабдык долбоорду ишке ашыруудагы Кыргызстандын алдыга койгон негизги милдеттерин белгилеп кетти. Ал Кыргызстандын санариптешүүсүнө бир жыл толо электигин, бирок чоң секирик жасалгандыгын белгиледи.

Андан тышкары, Исаков, Кыргызстан мамлекеттик сатып алуу системасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтө турган жаңы технологияларды колдонууну пландап жатканын билдирди.

Өкмөт башчы өзүнүн сөзүндө, жакынкы арада өлкөнүн жолдорунда коопсуздукту сактоо, кылмышты деңгээлин төмөндөтүү жана кылмыштын бетин ачууну жакшыртуу үчүн шаардын инфраструктурасында заманбап санатриптик технологияларды колдонуу менен “Акылдуу шаарларды” куруу башталаарын билдирди. Тактап айтканда, “Акылдуу шаар” долбоору 1,5 жылдын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында жана ири чоң унаа жолдордо ишке ашырылат.

Сапар Исаков санариптик коомдун эң негизги аспекттеринин бири тиешелүү билимдин жана көнүмдөрдүн болушу зарыл экендигин баса белгилеп кетти.

“Заманбап технологияларды биздин күнүмдүк жумушка, бизнес-процесстерге канча бат жуурулуштурсак, биздин өлкөлөрдүн өсүш ылдамдыгы андан ошончолук көз каранды болот. Келээрки жылы биз Ачык Өкмөт болгубуз келет жана биз анын үстүндө күчөтүлгөн иш алып баруудабыз”, – деп жыйынтыктады ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-февралда премьер-министр Сапар Исаков Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына жана «Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип» форумуна катышуу үчүн барган.

Форумдун ишине Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын премьер-министрлери, Ажербайжандын, Тажикстандын расмий делегациялары, ири IT компаниялардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!