Адвокаттык иш жүргүзүүнүн жаңы суроолору бекитилди

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 15:51

Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча жаңы суроолордун тизмеси бекитилген. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын адвокатура жана адвокаттык иш жүргүзүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция министринин 2018-жылдын 29-январындагы №14 буйругу менен адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча жаңы суроолордун тизмеси бекитилген.

Көрсөтүлгөн тизмеси Кыргыз Республикасынын Конституциялык укугу, Жарандык укугу жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесси, Жазык-жаза укугу жана Кыргыз Республикасынын Жазык-жаза процесси, Административдик укугу жана Кыргыз Республикасынын Административдик процесси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк жана Эмгек укугу, Кыргыз Республикасынын Турак жай жана Жер кодекси, жана гендердик тенчилик боюнча 1065 суроолор кирген.

Суроолордун тизмеси Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин расмий сайтында “Нотариат жана адвокатура/адвокаттык иш жүргүзүү укугунун лицензиясы/ адвокаттык иш жүргүзүү укугунун лицензиясын талапкер болгон адамдарды квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча жалпы суроолордун тизмеси” бөлүмүндө мамлекеттик жана расмий тилинде жайгашкан.

Эскерте кетсек, адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинине караштуу Кваликациалык комиссиясы тарабынан компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт. Өткөрүлө турган жайы, күнү жана убактысы, лицензия алууга талапкерлердин арыздарынын топтолушуна карай үч айда бир жолудан кем эмес Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин буйругу менен аныкталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!