Ош бажысына күн сайын 15 млн сом түшүүдө

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 17:44

Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен аталган кызматтын 2017-жылкы ишинин, ошондой эле 2018-жылдын январь айынын жыйынтыктарын талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, баяндаманын жүрүшүндө Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

“Биз акыркы бир жарым ай ичинде бажы төлөмдөрүн администрациялоо тутумун жакшыртуу үстүндө күчтөндүрүлгөн иш алып бардык. Ал өзүнүн жыйынтыктарын берүүдө. Тактап айтканда, 2018-жылдын январь айында 2,8 млрд сомдон ашуун бажы төлөмдөрү жыйналган, ал эми болжолдонгон көлөм 1,9 млрд сомду түзгөн эле. Өсүү темпи 146,2 пайыз түзүп же 907,3 млн сомду түзгөн”, - деди ал.

Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматын реформалоо өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыты катары саналаарын белгиледи.

Андан соң Кубанычбек Кулматов өкмөт башчыга 2017-жыл үчүн Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 34,2 млрд ом көлөмүндө камсыз кылынгандыгын, болжол 98,4 пайыз аткарылгандыгын маалымдады.

Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында премьер-министр жана Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы бул кызматты реформалоо боюнча келечектеги чараларды талкуулады.

Ал эми Бажы кызматынын маалыматы боюнча, бир ай мурда Борбордук бажыдан күнүнө 30 млн сом акча түшсө, учурда ал эки эсеге (60 млн сомдой) көбөйгөн. Ош бажысынан түшкөн каражаттардын көлөмү он эсеге өскөн. Аталган бажы буга чейин күн сайын 1,5-2 млн сом чогулса, учурда күн сайын 15 млн сом чогулуп жатат. Ал эми буга чейин божомол боюнча 7 миллион сом чогулушу керек болчу.

Жалпы чогултулган бажы төлөмдөрүнүн суммасынын ичинен алымсыз бажы төлөмдөрү 1 млрд 838,1млн сомду түзгөн. Белгиленген пландан 870,8 млн сомго жогору. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык түшүүчү киргизүү алымы 1,33 млрд сомду түзгөн. Коюлган пландан 36,5 млн сомго көп.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!