​Базар текчелериндеги малдын эти текшерилет

6-Фев. 2018, Шейшемби, 10:42

Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти

Коллегиялык жыйында 2017-жылы аткарылган иштер жана 2018-жылга коюлган маселелер каралды.

Ведомство жетекчилеринин 2017-жылда аткарылган иштери тууралуу докладдарын угуп, вице-премьер-министр инспекция малды идентификациялоо боюнча алгылыктуу иштерди жасап жаткандыгын белгиледи. Аны менен катар ал жакын арада чечүүнү талап кылган кемчиликтер да бар экенин айта кетти.

Андан сырткары, Дайыр Кенекеев көзөмөлдө алдындагы объектилерди көзөмөлдөө абдан төмөн деңгээлде жүрүп жаткандыгын жана азыркы учурга чейин аталган объектилерди каттоо иши аягына чыга электигин белгиледи. Буга байланыштуу ал ушул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

Вице-премьер-министр жаныбар аркылуу берилүүчү малдардын вирустук инфекция ооруларынын төмөндөшү боюнча жакшы көрсөткүчтөрдү белгилеп, бул маселе боюнча көзөмөлдү мындан ары дагы күчөтүү тапшырмасын берди.

«Ошондой эле аймактардагы мал союучу жайларды жана мал базарларды иретке келтирүү зарыл. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барышы керек. Биз базар текчелериндеги малдардын эттери тийиштүү нормаларга жооп берерин текшеребиз», – деп белгиледи Кенекеев.

Ошондой эле, вице-премьер-министр кайталаган функцияларды жок кылуу үчүн бул жааттагы мамлекеттик структураларды оптимизация жана реорганизация кылыш керектигин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!