​Мыйзамсыз сакталган куралдар табылды

6-Фев. 2018, Шейшемби, 10:55

Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында мыйзамсыз курал-жарак жана жарылуучу заттарды сактагандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын тургунунун үйүнөн РГД-5 гранатасы, 9 мм калибрлүү Макаров тапанчасы, үлгүсү белгисиз тапанча, өз алдынча жасалган мылтык жана 7,62 калибрдеги бир нече патрондор табылган. Мындан сырткары Сузак районунун жашоочусунан 16-калибрдеги ок атуучу курал алынды.

Ал эми Ош облусунун Алай райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери “Кайыңды” участкасынын жашоочусунан “ТОЗ-8” ок атуучу куралы алынган, Чүй облусунун Сокулук районунда Шопоков шаарчасынын тургунунан номерлери өчүрүлгөн Калашников автоматы алынды.

Ошондой эле Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Нарын шаарынын тургунунун автоунаасынан “ТОЗ-8” жана “ИЖ-16” мылтыктарын, ал куралдардын 37 даана патрондорун табышкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!