Жазгы талаа жумуштары боюнча маалымат берилди

6-Фев. 2018, Шейшемби, 16:55

Бүгүн, 6-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Жолугушууда президентин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруудагы негизги багыттар жана Мамлекет башчысынын иш сапарларынын алкагында коңшу өлкөлөр менен жетишилген макулдашуулар талкууланды. Министр ошондой эле жазгы талаа жумуштарына даярдык жана айыл чарба тармагына тартылып жаткан инвестициялар боюнча айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков бардык кесиптештери – жакынкы мамлекеттердин башчылары менен өз ара аракеттенишүү маселелери менен катар агрардык тармакта кызматташуу келечеги талкууланганын белгиледи.

«Өзбекстан менен биз айыл чарба жана сүт, эт азыктарынан акциздик салыкты алып салуу, биргелешкен жаңы ишканаларды куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Тажикстанда Кыргызстандын ЕАЭБги мүчөлүгү жана ВСП+ статусун эске алуу менен товарларды экспорт, импорт жана реэкспорт кылуу боюнча аракеттенишүү механизмдери талкууланды. Ички да, тышкы да рынокто биздин айыл чарба азыктарына суроо-талап чоң, биз атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Экологиялык таза продукциябызды тышкы рынокторго экспорттоого мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң, бул багытта жумушту активдештирүү керек», - дейт Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков максаттардын бири айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатында аймактардагы чакан жана орто ишкерликтин демилгелерин колдоо экендигин белгиледи.

«Айыл чарба министрлиги аймактардагы фермерлерди жана ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча каржылык институттар жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштеши керек. Кайра иштетүү ишканаларды куруу долбоорлорун даярдап, аймактардагы фермерлерге жана ишкерлерге жардам бериши керек», - деп белгиледи Жээнбеков.

Министр Нурбек Мурашев учурда республикада 344 ири жана орто кайра иштетүүчү ишканалар иштеп жатканын, анын ичинен 50 ишкана акыркы үч жылда ишке киришкени боюнча маалымат берди.

«Министрлик аймактарда айыл чарба азыктарын кайра иштетүү иштерин күчөтүп, муну менен жергиликтүү фермерлерге продукциясын экспортко чыгарууга көмөктөшүүнү пландоодо. 2017-жылы биз маанилүү натыйжаларга жетиштик – кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү 112 % түздү, экспортко чыккан кайра иштетилген продукциянын өсүшү 125 % түздү. Биз ЕАЭБге кирүүнүн жемишин көрө баштадык», - деди Мурашев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!