Кызматкерлерге кыргыз тили окутула баштады

7-Фев. 2018, Шаршемби, 16:34

6-февралдан баштап Саламаттыкты сактоо министрлигинин
статс-катчысы Калыс Шадыхановдун демилгеси менен борбордук аппараттын
кызматкерлерине кыргыз тилинде сапаттуу иш алып баруу үчүн өкмөттүн токтомунун негизинде атайын окутуулар башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кызматкерлер үч топко бөлүнүп окутулат. Окуу курсу 2018-жылдын
28-февралында аяктайт. Окуу жумасына үч жолу өткөрүлүп, курс
аяктагандан кийин курсанттардан экзамен алынып, тастыктама тапшырылат.

Окуунун ачылышына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев да катышып, "орус тили бизди чоң
ийгиликтерге жеткиргендигине карабастан, биз өзүбүздүн тилибизди
сактап калганга болгон аракетибизди жумшайлы",-деген оюн билдирди.

"Акыркы жылдарда мамлекеттик тил маселеси көп көтөрүлүп келе жатат. Баардык министрликтерде бул жумуштар жүрүп жатат, ошондуктан саламаттык сактоо министрлиги да бул тараптан калбашыбыз керек, кошо жүрүшүбүз керек”,- деп белгиледи статс-катчы Калыс Шадыханов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!