Жээнбеков: «Рейдерлик тартып алуу мамлекеттик деңгээлге жетти»

8-Фев. 2018, Бейшемби, 11:53

Бүгүн, 8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында сотко жарандардын катышуусуз эле мүлктөрүн тартып алуу болуп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымына караганда, акыркы эки жылда президенттин дарегине укук коргоо, сот, көзөмөл органдарынын ишине нааразы болгон 5,5 миңге жакын арыз келип түшкөн.

«Сотко жарандардын катышуусуз эле мүлктөрүн тартып алуу болуп жатат. Рейдерлик тартып алуулар мамлекеттик деңгээлге жетти», - деди Жээнбеков.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков, соттордун ишинде мыйзам бузуулар болуп жатса, ага киришпай албай коё албастыгын жана мыйзам чегинде барын көзөмөлгө аларын белгилеп, мыйзамсыз өз билемдиктерди токтотууга чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-февралда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!