Кенекеев Транспорт министрлигинин ишине оң баа берди

10-Фев. 2018, Ишемби, 11:43

Кечээ, 9-февралда вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2018-жылга коюлган милдеттери боюнча ведомствонун коллегиялык ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиевдин айтымында былтыр өлкөнүн жол транспорт тармагын жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер жасалган.

Отурумдун жүрүшүндө вице-премьер-министр ведомствонун ишмердүүлүгүндөгү оң жыйынтыктарды айта кетип, ага катар чечүүнү талап кылган бир катар маселелерге токтоло кетти.

«Региондордо иштеп жүргөндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы жагдайларга өзүм күбө болгом. Подрядчиктердин ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу керек. Тилекке каршы, подряддык компаниялардын иши сапаттуу аткарылып жатабы, жетиштүү деңгээлде көзөмөл жок», —деп белгиледи ал.

Дайыр Кенекеев салмак-габариттик көзөмөл пунктарынын ишин жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.

«Айрым таза эмес кызматкерлер ашыкча жүк жүктөлгөн унааларды өткөрүү менен, кайра эле Министрлик салган жолдорду талкалатып жатышат. Адамдык фактор дагы роль ойноп жатат. Салмак-габариттик көзөмөл пунктарынын ишин жөнгө салуу үчүн, аны аутсорсинге берүү маселесин иштеп чыгуу керек»,- деди Кенекеев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!