Президенттик аппаратта кайра дайындоолор болду

10-Фев. 2018, Ишемби, 16:15

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттагы 3 комиссиянын катчыларын дайындады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кырккелди Кыдырбаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды.

Эрнист Апилов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды.

Жылдыз Сманбаева мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды.

Айта кетсек, аталган 3 кызматкер буга чейин ушул эле кызматтарда иштеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!