Таш-Көмүрдө саркынды топтоочу жай иштебейт

13-Фев. 2018, Шейшемби, 15:08

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы саркынды топтоочу жай иштебегендиктен, бир нече жылдан бери кооптуу абалда турат. Бул тууралуу Экотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, шаардын аймагындагы шаар тургундарынын колдонуудан чыккан кир суулары эски саркынды жайына барып топтолгондуктан, аны чыпкалап тазалоо мүмкүнчүлүгү жок. Натыйжада, Таш-Көмүр шаарын аралап өтүүчү Нарын дарыясына кир суулардын кошулуп кетүү коркунучу бар. Мамэкотехинспекция тарабынан саркынды суулар тооптоочу жайды ирээтке келтирүү тапшырмасы бир нече эскертилген, ал түгүл калыбына келтирүү сунуштары боюнча сунуш каттары берилген.

Бирок Таш-Көмүр шаарынын жетекчилиги берилген сунуштарга көңүл бөлбөй келет. Бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекциянын адистери саркынды топтоочу жайы экологиялык кооптуу абалда экендиги тууралуу коңгуроо кагышууда. Себеби, азыркы тапта шаар тургундарына таза суу маал-маалы менен берилгендиктен, саркынды топтоочу жайы бир калыпта турат. Эгерде “Таза суу” долбоору ишке кирип жергиликтүү тургундарга таза суу үзгүлтүксүз бериле турган болсо, анда жашоочулар колдонгон суудан аккан кир суулар, саркынды топтоочу жайынан ашып, түз эле дарыяны көздөй кошулушу толук мүмкүн. Андыктан

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору саркынды суу топтоочу жайды тез аранын ичинде калыбына келтирүү боюнча Таш-Көмүр шаарынын мэриясынан жыйынтык чыкпаган сон, Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүгүнө саркынды жайындагы абалды тез аранын ичинде жөнгө салуу боюнча кат жолдоду.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!