​Султанбекова: “Коррупциялык тобокелдиктер бар”

17-Фев. 2018, Ишемби, 12:00

Кечээ, 16-февралда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2017-жылкы ишинин жыйынтыктары жана 2018-жылга коюлган милдеттери боюнча ведомствонун коллегиялык кеңешмесине катышты.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет тарабынан кепилдик берилген социалдык төлөмдөр толук көлөмдө төлөнүп берилүүдө. 2018-жылдын 1-январына карата жөлөкпул жана компенсация түрүндөгү социалдык төлөмдөрдү 470 миңден ашуун адам алды.

Жыйынга катышкан Чолпон Султанбекова райондук төрт социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниктерин жөлөкпул алгандардын саны жогорулагандыгына байланыштуу сынга алды. Ошондой эле райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында чоң коррупциялык тобокелдиктер бар экендигин белгиледи.

«Сиздер айлык акыны жогорулатууну өтүнөсүздөр, ошол эле учурда төмөнкү айлык акылуу жумушка Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу орношосуздар. Сиздер айлык акынын төмөндүгүнө карабастан, иш ордуңуздарды бошоткуңар келбейт, анткени, анда коррупциялык схемалар бар», – деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!