Дүйнөлүк банк менен кантип кызматташабыз?

17-Фев. 2018, Ишемби, 12:21

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк ортосундагы 2018-2023-жылдарга кызматташтык Стратегиясын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмени өткөрдү.

Өкмөт башчы атамекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен иштин натыйжалуулугу маанилүү экендигин билдирди.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук белгилегендей, алдыда өлкө экономикасынын өнүгүүсүн камсыздоо үчүн колдогу бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарыл.

Анын айтымында, Кыргызстан ар кыл тармакта чоң потенциалга ээ.

«Биринчиден, бул адамдар. Калктын жан башына карай эквиваленттик кирешесине карай башка өлкөлөргө салыштырмалуу калктын билим деңгээли дээрлик жогору экендигин белгилей кетүү керек. Экинчиден, бул – энергетикалык тармактагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу гидроресурстардын запасы. Мындан тышкары, Кыргызстан өлкөдөгү туризмдин динамикалуу өнүгүүсү үчүн негиз катары саналган мыкты жаратылышка ээ», – деди Лилия Бурунчук.

Ошондой эле ал атамекендик айыл чарбанын кенен мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын долбоорлорун «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасы менен синхрондоштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын соңунда премьер-министр жакынкы беш жылга карата Дүйнөлүк банк менен кызматташуу боюнча тыкыр чараларды иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!