Депутатты сотко чейин алып чыгуу керек дешүүдө

22-Фев. 2018, Бейшемби, 12:25

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында Казакстанда контрабандага шектелип кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулун сотко жеткирбей Казакстандан алып чыгуу керектигин депутат Тазабек Икрамов айтып чыкты.

Анын айтымында, казак тарапка ЖКнын депутаттарынын кепилиги менен кайрылуу жолдош керек.

“Депутаттар кепилдик берип, депутаттыбызды сотко чейин өзүбүзгө тартып алышыбыз керек. Ал эч жакка качпайт, эки мамлекеттин көзөмөлүндө турат эле. Азырынча ага күнөө койгондон алыс бололу. Дамирбек спортто кыргыз желегин желбиретип, ийгилик жараткан адам. Эӊ негизкиси Жогорку Кеӊештин депутаты, биз кепилдик берүү үчүн кол коюп берсек. Депутаттын контрабандага аралаштыгы болушу үчүн ал Бажы кызматында иштеши керек эле. Контрабанданы ар бир эле депутат чыгара албайт. Өкмөт Тышкы иштер министрлигине тапшырма берип, депутатты сотко чейин алып чыгыш керек”, - дейт Икрамов.

Эскертке кетсек, Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 35 адам кармалып, катарында Кыргызстандын 3 жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин бар экендигин тастыктаган. 18-февралда Алматы шаардык соту карап, аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. 19-февралда, Кыргызстандын Башкы прокуратура Казакстандын Башкы прокуратурасына сурам жиберген.

Ал эми кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Асылбек уулу Дамирбектин ишин эл аралык эрежелердин алкагында иликтөөгө жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кесиптеши Казакстандын Мажилисинин төрагасы Н.Нигматулиндин атына кат жолдогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!