​Жамангулов: “Башаламан курулуштарды токтотуу керек”

22-Фев. 2018, Бейшемби, 12:45

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеӊеш жыйынында Ысык-Көл аймагындагы башаламан курулуштарды тезинен токтотуу керектигин Акылбек Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл районундагы Бостери, Бактуу-Долоноту сындуу айылдардын, Чолпон-Ата шаарынын айланасында коттедждер башаламан курулууда. Алардын инфратүзүмү каралган эмес. Бул башаламан курулуштардын долбоорлору да, технико-экономикалык негиздемелери да жок. Анын жүрүшүнө жергиликтүү бийлик органдар да, көзөмөл органдары да көзөмөл кылбайт.

«Ошондой эле борбор калаанын Чоӊ-Чүй-Каналынын айланасында да, Горький жана Алматы көчөлөрүнүн боюнда да ушундай кырдаал орун алган. Азыртан тиешелүү чаралар көрүлбөсө, кийин кеч болуп калат», - дейт Жамангулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!