Клара Кабилова депутат болуп келет

22-Фев. 2018, Бейшемби, 13:28

Жогорку Кеңешке Аида Салянованын ордуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилова депутат болуп келет. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, партиянын кийинки тизмесинде 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, кийин ысымын өзгөрткөн Клара Кабилова — Гүлнара-Клара Самат турат.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура жана УКМК Салянова Юстиция министри болуп турган кезде 2010-жылдан кийин издөөдө жүргөн Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп, 2017-жылдын 12-майында УКМК тергөөдөн кийин мурдагы баш прокурорго Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 7-февралда Бишкек шаардык сотунун судьялар коллегиясы Аида Саляновага чыгарылган сот өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Ал соттун чечими боюнча жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен 5 жылга кесилди.

Ленин райондук соту 2017-жылдын 10-октябрында депутат Аида Салянованы мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратып, жаза өтөө мөөнөтүн кичинекей кызы 14 жашка чыккандан кийин жүзөгө ашыруу шарты менен өкүм чыгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!