Мүрзөдө жашаган аялдын абалын сурашты

22-Фев. 2018, Бейшемби, 15:56

19 - февралында интернет сайттарда Гүлжакан Атажанова аттуу аял беш баласы менен мүрзөнүн аймагында жашап жаткандыгы боюнча маалымат чыгар замат КРнын Акыйкатчысынын Ош областы жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу «Кылыч-Буркан» мүрзөсүнүн аймагында жашаган Атажанова Гулжакан менен жолугушкан. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Атажанова өкүлчүлүккө маалымдагандай, анын атасы аталган мүрзө ачылгандан бери ор казуучу болуп иштеген. Айыл өкмөт тарабынан ор казуучу күн-түн керек болгондуктан, мүрзөнүн чет жагынан убактылуу пайдаланып туруу үчүн 10-сотых жер ажыратылып берилген жана ошол жерге ор казууга керектүү шаймандары сакталып турган. Атасы Атажанов Хатамга ал жер тилкесине айыл өкмөт тарабынан эч кандай документ берилген эмес. Атасы каза тапкандан кийин Гүлжакан күйөөсүнөн ажырашып кетип мүрзө аймагында жайгашкан атасынан калган үйдө өзүнүн эки баласы, каза болгон эжесинин үч баласы менен бирге жашап калган.

Сүйлөшүү учурунда Атажанова Гүлжан ал жерде жашап жаткандыгынын башкы себебин ал жерди өзүнө документтештирип алуу экендигин ачык билдирди жана кошулуп барышкан айыл өкмөттүн жетекчилигинен жашап жаткан жерди анын атына өткөрүп берүүнү талап кылды. Бирок, Ош шаарында ага атасы калтырып кеткен эки бөлмөлүү үйү бар экендиги, ал үйдө каттоодо тургандыгы аныкталды. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери көрсөтүлгөн даректеги үйгө барып көрүп келишкен. Үйдө эч ким жашабайт. Атажанова Гулжакан өз убагында паспорт алуу үчүн каттоо кызматына кайрылбагандыктан, учурда өзүнүн паспорту жана балдарынын күбөлүктөрү жок.

Мониторинг жүргүзүп жаткан учурда Кара-Суу районунун социалдык маселелер боюнча башкармалыгы тарабынан акчалай жардам беришип, мыйзам чегинде жардам бере тургандыгын билдиришти. Мындан сырткары Ош шаардык социалдык коргоо баршкармалыгы дагы аялдын жашоо-шартын толук изилдеп, мыйзам чегинде жардам берге тургандыгын билдиришти.

Атажановага Акыйкатчы институтунун Ош областы жана Ош шаары боюнча өкүлчүлгүнүн кызматкерлери тарабынан кандай жардам керек болсо кайрылууу үчүн өкүлчүлүктүн дареги жана телефондору калтырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!