Эмдөө дарысын «Фарватер» фирмасы алып келет

22-Фев. 2018, Бейшемби, 16:05

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү 2018-жылкы ажылык мезгилинде ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Конкурска жалгыз «Фарватер» фирмасы катышууга арызын берип, конкурстун жүрүшүндө аткаруу кызматтары, эмдөө дарыларын алып келүү убакыты жана баалары боюнча талкууланды.

Өткөрүлгөн конкурста «Фарватер» фирмасы эмдөө дарыларын ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабыкойгон мөөнөттө алып келүү боюнча убадасын берип, канаттандыраарлык деп табылып, 2018-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын курамытарабынан тандалып алынды.

Конкурска 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев, республикалык эмдөө борборунун өкүлү Калилов Жолдош Сапарович, БТК, ДИМК, КРнын саламаттык сактоо министрлигинен, ИИМ, МУКК, чек ара, транспорт министрлигинин өкүлдөрүкатышышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!