Экс- вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев дүйнө салды

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:43

Коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев 68 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, коомдук ишмер узак убакытка созулган оорудан улам дүйнө салган.

Эсенгул Өмүралиев 1950-жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда төрөлгөн. 1973-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-электромеханик адистиги боюнча бүтүргөн соң, эмгек жолу 1973-76-жылдары Илимий-изилдөө институтунун илимий кызматкери болуу менен башталган.

1976-1990-жылдары башкы конструктор, өнөр жай бирикмесинин директорунун орун басары, электротехникалык заводдун директору, Ысык-Көл облустук электротехникалык заводдун башкы директору болгон.

Эсенгул Өмүралиев 1991-1992-жылдары өнөр жай министри, андан кийин 1998-1999-жылдары тышкы соода жана өнөр жай министри болуп иштесе, 1992-1994-жылдары жана 1999-2000-жылдары вице-премьер-министр болуп эмгектенген. 1996-98-жылдары Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүндөгү сүйлөшүү процессин жетектеген.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты, Ысык-Көл облусунун губернатору, Кыргызстандын Беларусия, Украина жана Казакстандагы элчиси болгон.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 27-февраль күнү Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдында өтүп, андан кийин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!