Автобустун айдоочуларына жоопкерчилик күчөтүлдү

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:09

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталса автобустун айдоочулары менен келишим үзүлөт. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Маалыматка ылайык, автобустук каттамдын айдоочусу катышкан жол кырсыгында адам өлсө, 3 жүргүнчүдөн көбүрөөгү оор жаракат алса, айдоочунун күнөөсү соттун чечими менен аныкталса, анда ал айдоочу менен келишим бузулуп, коомдук автобусту башкаруу укугунан ажырайт.

Токтом жарыяланган күндөн тарта 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!