Сумочулар Көчмөндөр оюндарына катышуусу мүмкүн

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 14:41

Сумо боюнча Жапон күрөшчүлөрү Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышуусу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 22-февралда Кыргызстандын Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чыӊгыз Айдарбеков Жапониянын Сумо Федерациясынын төрагасынын орун басары Казуфуми Минами менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн алкагында тараптар жапон сумо күрөшчүлөрүнүн Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.

“Минами мырза эки өлкөнүн федерацияларынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин координациялоо жана Кыргызстандын спортчуларын Жапонияда даярдоо боюнча биргелешкен иш алпаруу тууралуу кызыккандыгын билдирди”.- деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот. Мелдеш 36 улуттук спорт түрү боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 80 ашык өлкөлөрүнөн 3000 тегерегинде спортчу катышары болжонууда. Иш чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500 жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Ал эми 2017-жылдын 15-декабрында салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого премьер-министр Сапар Исаков расмий старт берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!