Тарыхый мурастарды сактап калууга көзөмөл күчөтүлөт

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 15:56

“Азаттык” сайтында жарыяланган «Молдо Нияз балдарды окуткан тарыхый үңкүр кароосуз калды» деген маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтомуна ылайык, республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине Баткен облусунан 32 объект кирген.

“Азаттыкка” жарыяланган маалыматтагы Молдо Нияздын үжүрө-үңкүрү жогоруда аталган тизмеге кирген эмес. Аны тизмеге киргизүү үчүн обьектинин маданий дөөлөткө ээ экендигин аныктаган тиешелүү адистердин корутундусу керек.

Мындай илимий-изилдөө жумуштары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулат. Тилекке каршы, Молдо Нияздын үнкүрү ушул кезге чейин муниципиалдык менчикке өтө электиги жана ага баруучу жолдордун тосулуп калышы өкүнүчтүү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган обьектини жана ага окшогон башка аймактардагы жалпы тарыхый мурастарды сактап калууга көзөмөлдү күчөтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!