Ысык-Көлдөн табылган торлор жок кылынды

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:23

Ысык-Көлдүн аймагында узундугу 3200 метр болгон 32 даана торлор чыгарылып, жок кылынды. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тон райондору боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлорунун, браконьерликке каршы жүргүзгөн рейд учурунда Чон-Сары-Ой, Чоктал, Семеновка жана Ананьева айылдарында мыйзамсыз салынган торлор табылды. Жалпысынан 32 даана болгон узундугу 3200 метр торлор чечилип, жок кылынды.

Ошондой эле, Чоктал жана Ананьева айылында 2 жаран мыйзамсыз балык уулоо менен алектенип жүргөндүгү аныкталды. Жеринде тийиштүү кагаздары толтурулуп, кайык жана балык кармоочу атайын каражаттары тартылып алынды. Учурда материалдар чогултулуп, сотко жиберүү аракеттери көрүлүп жатат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!