Онкология борбору «Бабатрон II» аппараттына ээ болду

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 17:24

Бүгүн, 26-февралда премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Улуттук онкология жана гематология борборундагы «Бабатрон II» гамма-терапевттик аппараттын ишке берилишинин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лакшманан Сависри аркылуу индиялык тарапка жогоруда аталган медициналык аппаратты орнотуудагы өз учурундагы көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Сапар Исаков заманбап медициналык жабдуулардын катарына кирген «Бабатрон II» аппаратын пайдаланууда медициналык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүктү жана анын натыйжалуулугун кескин жогорулатууга, ошондой эле калктын онкологиялык оорулардан жабыркоо деңгээлин жана андан келип чыккан өлүмдүн санын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берээрин баса белгиледи.

Өкмөт башчы эске салгандай, Дубай шаарындагы Өкмөттөрдүн Алтынчы саммити алкагындагы Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушууда Ош шаардык онкологиялык клиникасынын муктаждыгы үчүн дагы бир «Бабатрон II» аппаратын бөлүү мүмкүндүгү талкууланган.

Анын айтымында, Өкмөт аталган медициналык мекемеде капиталдык реконструкция өткөрүүнү пландаштырууда.

Ошондой эле Өкмөт башчы аталган борбордун аймагындагы балдар жана чоңдор үчүн онкогематология бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Айта кетсек, «Бабатрон II» – зыяндуу шишиктерди нур терапиясы менен дарылоо үчүн каралган гамма-терапевттик аппарат болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!