Венгрия-Кыргызстан мамилелери талкууланды

27-Фев. 2018, Шейшемби, 11:15

Будапешт шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Борбор Азия форматы боюнча министрлердин жолугушуусуна катышуунун алкагында Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Я.Латорцай менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу жана эл аралык маселелерди талкуулашып, парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө тууралуу сөз кылышты.

Венгрия парламентинин вице-спикери Я.Латорцай Кыргызстанда ишке ашып жаткан демократиялык реформаларды колдоорун билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!