Бир тонна бешбармак кайсы жерде жасалат?

27-Фев. 2018, Шейшемби, 11:31

Бишкекте бир тонна бешбармак жана жүз метрлик чучук кайсыл жерде жасала турганы белгилүү болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева билдирди.

Маалыматка караганда, “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлө турган Гиннестер китебине кирүү үчүн даярдалчу беш бармак 11-мартта “Аю гранд комфорт” соода борбору тарабынан берилген жайда даярдалат.

"Мэрия уруксат бербей койгон соң, "Аю гранд комфорт" соода борбору менен сүйлөштүк. Алар аянтча берүүгө макул болушту. Мурдагыдай эле 1 тонна бешбармак жана жүз метр чучук жасалат. Болгону өтө турган күнү менен жайы гана алмашты, жакында иш-чара тууралуу жарнамалар ЖМК аркылуу таратыла баштайт", - деди Кулуева.

Эскерте кетсек, буга чейин 1 тонна беш бармак 5-мартта Ала-Тоо аянтында жасала турганы маалымдалган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!