Эсенгул Өмүралиевди акыркы сапарга узатышты (фото)

27-Фев. 2018, Шейшемби, 14:21

«Эсенгул Өмүралиев өлкө кызыкчылыгын берилүү менен коргогон чыныгы патриот болгон», – деп билдирди премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмери Өмүралиев Эсенгул Касымовичтин жарандык аза күтүү тажиясында. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы Эсенгул Өмүралиевдин бүткүл өмүр жолун Ата мекенге кызмат кылууга арнагандыгын баса белгиледи.

Өзүнүн эмгек жолунда ал ар кыл жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалаган, анын катарында Кыргызстандын вице-премьер-министри, Өнөр-жай жана тышкы соода министри, Кыргызстандын бир катар КМШ мамлекеттериндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл облусунун губернатору-мамлекеттик администрациясынын төрагасы кызматтарын ээлеген.

Премьер-министр белгилегендей, Эсенгул Өмүралиевдин жашап өткөн өмүрү өсүп келе жаткан муун үчүн өрнөк болуп саналат.

Коомдук ишмердин сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!