Мыйзамсыз кармалган үкү табылды

27-Фев. 2018, Шейшемби, 14:34

Мыйзамсыз кармалган үкү табылып, жараталышка кое берилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тагыраак айтканда Мамэкотехинспекциянын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын адистери текшерүү учурунда, белгисиз жарандар тарабынан Базар-Коргон районунда мыйзамсыз үкүнүнүн мыкый аттуу түрүн кармап жүргөнү аныкталган.

Табылган үкүнүн буттарын зым менен оролуп, кордолуп жүргөнү тастыкталган. Жеринде тийиштүү кагаздар толтурулуп, үкүнүн ден соолуугу жакшыргандан соң, Мамэкотехинспекциянын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча адистери тарабынан боштондукка кое берилди.

Кошумчалай кетсек, үкүнү үй шартында кармоого, багуу тыюу салынат. Өз кезегинде админстративдик айыптан сыркары, үкүнүн кызыл китепке кирген түрлөрүнө кыянаттык кылгандарга кылмыш жоопкерчилиги да каралган.



Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!