​Заманбап пьесалар үчүн конкурс жарыяланат

27-Фев. 2018, Шейшемби, 18:16

Заманбап пьесалар үчүн конкурс жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов жылдык коллегияда билдирди.

Министрдин айымында, жакынкы күндөрү кызыктуу чыгармаларды жазгандар арасында сынак болмокчу.

“Элди театрга тартуу үчүн репертуардык саясатты жаңылайбыз. Азыркы кыргыз жаранынын образы, кайнаган турмушу сахнада чагылышы керек. Ошондо гана эл театрга келе баштайт. Мындай кызыктуу чыгармаларды жаратуу үчүн 1 млн сомго заманбап пьесалар үчүн конкурс жарыялаганы турабыз. Жакын арада жобосу маалымат каражаттарына жарыяланат”,- деди С.Жумагулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!