Солтоноевдин 140 жылдыгына карата көргөзмө болот

27-Фев. 2018, Шейшемби, 18:19

Эртең, 28-февралда саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Кыргыз адабиятында проза жанрын баштоочуларыяын бири, агартуучу, тарыхчы-этнограф. фольклорист, акын, жазуучу, котормочу Белек Солтоноевдин 140 жылдыгына арналган

”...Тирлигимде жетпесе

Арзан, кымбат баркыма.

Дайын болор кимдигим

Өлгөндөн соң, калкыма...” аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлөт.

Көргөзмөдө Белек Солтоноевдин китептери, макалалар, газета-журналдык материалдар коюлмакчы.

Көргөзмөнүн ачылышына коомдук ишмерлер, акындар, жазуучулар, тарыхчылар, илимдин, маданияттын кызматкерлери, коомчулук, студенттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!