Кыргызстан боюнча ажылыка 6895 киши катталды

28-Фев. 2018, Шаршемби, 17:58

2018-жылы ажылык сапарына баруу үчүн ажылык серверине өлкө боюнча 6895 талапкер катталды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ажылыкка талапкерлерди серверге каттоо иши бүгүн, 28-февралда кечки саат 17:00до токтотулду.

2018-жылдагы ажылык серверине катталгандар өлкө боюнча 6895 талапкерти түзүп, берилген квотадан 1580ге ашкан. Ал эми берилген квотадан ашкан талапкерлер 2019-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн аймактык кезекке турушмакчы.

Облустар боюнча катталган талапкерлердин саны:

Баткен облусу-628

Ош облусу-2548

Ош шаары-782

Жалал-Абад облусу-1313

Чүй облусу-965

Бишкек шаары-447

Талас облусу-94

Нарын облусу-45

Ысык-Көл облусу-73




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!