Бишкекте Куран жарыш башталды

1-Март 2018, Бейшемби, 13:57

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарындагы борбордук мечитте республикалык Куран жарышы башталды. Куран жарышына өлкө аймагындагы тандоо турунан өткөн талапкерлер катышып, өз күчтөрүн сынашууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

2018-жылдагы республикалык Куран жарышынын ачылыш салтанатына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана бир катар коноктор катышууда.

“Куран жарышы балдардын Куранга болгон сүйүүсүн бекемдеп, ыймандуулукту, адептүүлүктү жана жан дүйнөнүн тазарышына түрткү берет. Куран жарышы жылыга уюштурулуп, бул жолку жарыш электрондук форматта өтүүдө. Ар бир катышуучу кутучадагы номурду алып калыстарга айтышат. Ал эми калыштан берилген номур менен электрондук түрдө кайсыл аятты окуй тургандыгын тандап беришет”,-деди Акимжан ажы Эргешов.

Учурда республикалык Куран жарышында 30 пара Куран окуу боюнча 12, 20 пара Куран окуу боюнча 14, 10 пара Куран окуу боюнча 56 бала ат салышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!