Улуу Британия туризм боюнча сунуш киргизди

1-Март 2018, Бейшемби, 17:23

Маданият министри Султан Жумагулов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит жана «Иштеграс Технолоджи» IT тармагында иштеген компаниянын башчысы Нежат Эржингос менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда ММК ошондой туризм багытында кызматташуу сунушу талкууланды. Эржингос мырзанын айтымына караганда анын компаниясы ММК жана IT иш алып барат. Ал Түркия менен кызматташуусу үзүрлүү болгонун белгиледи. Тагыраак айтканда Түркиянын туристтик багытын алдыга жылдыруу боюнча иш алып барган. Аталган мамлекет менен 6 жылдык кызматташуу Түркияга бир жылда 18 миллиндон 22 миллионго киреше алып келген.

Жолугуунун жүрүшүндө Эржингос төмөндөгүдөй сунуштарды киргизди:

-Кыргыз тарап менен туризмди өнүктүүрүдө тыгыз кызматташуу

-Кыргызстанды маркетинг тарабында өөрчүтүп, башка мамлекеттерге тааныштыруу

-Такталып алынгандан кийин креативдүү IT команданы Кыргызстанга алып келүү

-Быйыл өтүүчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын BBC жана башка түрк телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүү

-Жакынкы эки жума аралыгында медиа-эксперттер менен жолугуп брендинг боюнча ишти баштоону сунуш кылды.

Өз учурунда министр Улуу Британия менен достук мамиледе экенин жана эки тараптуу кызматташууга даяр экенин белгиледи. Министр, өзү тарабынан туризм жана маалымат Департаменттеринин жетекчилери менен байланыштырып иш алып барууга кадам таштоого макулдугун айтты.

Жыйынтыгында Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчиси Орд-Смит министрге алкыш билдирип, эки тараптуу кызматташуу жемиштүү боло турганына үмүтү чоң экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!