​Ар бир айыл жашылдандырылат

2-Март 2018, Жума, 10:52

Кыргызстанда «Таза жашоо» улуттук кампаниясына старт берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, премьер-министр Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык 1-марттан 31 мартка чейин шаарларды жана республиканын калктуу пунктарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана аймактарды жашылдандыруу боюнча үч айлык өткөрүлмөкчү.

Белгиленген демилге президентин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп жатат.

Өкмөтүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкулов өлкөнүн бүтүндөй региондорундагы социалдык инфраструктураны, шаардагы жана айылдагы объектилердеги санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу жана аймактарын көрктөндүрүү үчүн үч айдын ичинде Өкмөт тарабынан мамлекеттик жана коомдук мекемелердин ресурстары мобилизацияланат деп белгиледи.

«Бул коомчулуктун масштабдуу мобилизациясы жана алдыдагы жайкы туристтик сезонго болгон даярдык. Компаниянын алкагында жер жерлерде санитардык абалды жакшыртуу жана ар бир айылды жашылдандыруу боюнча жалпы ишембиликтер уюштурулуп турат. Тазалоо жана көрктөндүрүү комплекстүү түрдө жүргүзүлөт», - деди Бусурманкулов.

Анын айтымында, өлкөнүн бардык мамлекеттик органдары үчүн тазалоого тийиштүү территориялардын картасы иштелип чыгат. Ал ошондой эле, бардык питомниктер тийиштүү көлөмдөгү көчөттөрдү берүүгө даяр экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!