​Алмазбек Абдыкаров ээлеген кызматынан бошотулду

2-Март 2018, Жума, 12:02

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин орун басары Алмазбек Абдыкаров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Ага ылайык Алмазбек Абдыкаров берген арызына ылайык кызматынан бошотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!