​Президентке Абаскановду кызматтан алуу сунушталды

2-Март 2018, Жума, 17:28

Премьер-министр Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбековго Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу жана аны Өкмөтүн мүчөсү катары отставкасы туурасында сунуштоосун жиберди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин Нурбек Абаскановго карата кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Премьер-министр Сапар Исаковго көрсөтүлгөн комиссия ишинин жыйынтыгы менен Нурбек Абаскановду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!