​Президент Мамлекеттик туунун авторлору менен жолугушту

3-Март 2018, Ишемби, 11:59

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта президенттин аппаратынан билдиришти.

Мамлекет башчысы авторлорду Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, ал 1992-жылы “легендарлуу парламентте” бекитилгенин белгиледи.

«Сиздер Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун авторлору катары түбөлүккө тарыхта каласыздар, мамлекеттин тарыхына кошкон салымыңар эч качан унутулбайт. Мамлекет жана анын жарандары ар дайым сиздер менен сыймыктанат», - деп белгиледи Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик туунун авторлоруна Президентин энчилүү сааттарын тапшырып, аларга бекем ден-соолук, бакубатчылык, ийгиликтерди жана узун өмүр каалады.

Белгилей кетсек, 1992-жылы 3-мартта Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн башкы символу – мамлекеттик туусу алгачкы ирет көккө желбиреп, эгемендүү Кыргызстандын тушоосу кесилгендиги тууралуу дүйнөгө жар салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!