Бекетти кеңейтүүгө 32 турак үйдү сатып алышты

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:27

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетин кеңейтүү үчүн Кыргыз мамлекети 32 турак үйдү сатып алды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 3-мартта аталган пункттагы абалды текшерүү үчүн барганда билдирген.

Маалыматка ылайык, дагы үч турак жай боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Мындан тышкары жолду кеңейтүү пландаштырылып «Достук» чек ара тилкесине алып баруучу жол жээгинде курулган турак жай жана башка курулуштардын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

Эскерте кетсек, өкмөт башчы жүргүнчүлөр агымынын жогорулашына байланыштуу «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!