​Авариялык абалда конгон учакка иш козголду

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:54

Баткенге учуп баратып, авариялык абалда Бишкекке кайтып келген учак боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Транспорт боюнча ички иштер башкармалыгы аталган иш боюнча “Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен айып койгон.

Эскерте кетсек, 1-мартта “Тez Jet” авиакомпаниясынын учагы Бишкектен Баткенге сапарга чыккан. Бирок орто жолдо учактын сол кыймылдаткычы иштебей калгандыгына байланыштуу “Манас” аэропортуна кайтып келип конгон. Анда 96 жүргүнчү болуп, эч ким жаракат алган эмес. Бул окуяны териштирүү боюнча атайын комиссия да түзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!