​Асылбек Өзүбеков мындан ары театрды жетектейт

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:08

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын мындан ары КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Асылбек Өзүбеков жетектейт. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Бүгүн, 5-мартта Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов театрдын жамааты менен жаңы директорду тааныштырды.

Ал эми театрдын мурунку директору Назым Мендебаиров аталган театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!