Заманбап драмалык чыгармаларга сынак жарыяланды

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:14

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги заманбап драмалык чыгармаларды жазууга шыгы бар таланттарды сынакка Республика боюнча катышууга чакырат. Байге фонду бир миллион сомду түзөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү ушул жылдын 10-мартынан 30-октябрь саат 12.00гө чейин болмокчу.

Сынактын максаты:

- Азыркы замандын курч көйгөйлөрүн, каармандарын, жаңы образдарды жаратуу . Көрүүчүнүн сахнадан өзүн же өзүнө тааныш образды тапканда ага кызыгуусу артат. Ошондуктан, азыркы турмуш чындыгын драма, комедия аркылуу чагылдыруу зарыл. Пьесалар улуулар, балдар (анын ичинде куурчак театры үчүн) аудиториясынын муктаждыктарын эске алуу менен жазылууга тийиш.

Сынактын милдеттери:

-Улуттук драматургиянын өнүгүүсүнө шарт түзүү;

-Театрлардын репертуарын байытууга көмөктөшүү;

-Азыркы замандын курч көйгөйлөрүн, каармандарын, жаңы образдарды жаратуу аркылуу көрүүчүлөрдү театрга тартуу;

-Драматургия жанрында жаңы ысымдардын пайда болушуна шарт түзүү.

Негизги талаптар жана критерийлер:

-Идеядагы жана темадагы жаңылык, заманга үндөштүгү;

-Тынымсыз өзгөрүлүп жаткан заманда жеке адамдын, үй-бүлөнүн, коомдук процесстерди көркөм ачып көрсөтүү;

-Кыргыз турмушундагы жаңы кубулуштарды (миграция, ишкердик, эски менен жаңынын кагылышы, ата-бала, үй-бүлө мамилелери ж.б.у.с) темаларды ар тараптан ачып көрсөтүү;

Сынакты өткөрүү тартиби:

-Театрларда буга чейин коюлган жана конкурстарга катышкан пьесалар сынакка катыштырылбайт;

-Автордун жаш курагы, кесиби чектелбейт;

-Бир автор бир нече пьесалары менен катыша алат;

-Пьесалар мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат;

-Сынакка жөнөтүлгөн пьесанын көлөмү Times New Roman - 12 арип менен, бир интервалдан ашпаган, асты-үстүнөн 2см, капталдарынан 2,5см чен-өлчөмдөрүн сактоо менен жазылганда 25 беттен кем болбоого тийиш (кол жазмалар кабыл алынбайт);

-Сынакка жиберилген чыгармалар “Заманбап драмалык чыгармалардын республикалык сынагына” деп белгиленип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлөт.

-Кабыл алуу мөөнөтү:2018-жылдын 10-мартынан 30-октябрь саат 12.00гө чейин;

-Сынакты өткөрүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жетиден кем эмес кишиден турган комиссия түзүлөт;

-Комиссия мүчөлөрү сынакка катыша албайт;

-Комиссия конкурска келип түшкөн материалдарды зарылдыгына жараша кез-кези менен карап, жарактууларын тандайт;

-Сынакта жеңип чыккан авторлор (саны чектелбейт) үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 1 000 000 (бир миллион) сом калем акы катары төмөнкүдөй эки багыт боюнча ыйгарылат:

1.Жеткинчектер жана өспүрүмдөргө арналган эң мыкты 8 пьеса үчүн 50 000сомдон – 400 000сом;

2.Чоңдор үчүн жазылып, учур чындыгын ар тараптан ачып көрсөткөн мыкты 12 пьеса үчүн 50 000 сомдон – 600 000сом.

-Тандалып алынган драмалык чыгармалар министрликтин менчигине өтөт жана 2018-2019-жылдар аралыгында республиканын мамлекеттик театрларына сахналаштыруу үчүн жиберилет.

Дареги: Бишкек ш., Пушкина көч.78;

Электрондук дареги: iskusstvo_art@mail.ru;

Байланыш тел. (0312)621194, 623497

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!